Бугу 14, 2024
Убакыт: 03:15
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

«Ошсвет» ишканасы 7 айда 456 даана чырак орноткон

20.08.2021 18:49
811
«Ошсвет» ишканасы 7 айда 456 даана чырак орноткон


19-август күнү Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов «Ошсвет» муниципалдык ишканасынын эмгек жааматы менен жолугуп, аткарылган иштер, жаралган көйгөйлөр жана тоскоолдуктар боюнча маалыматтарды угуп кайтты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Шаар башчысынын милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов дагы эки кошумча атайын техникалык жабдуулар камтылган унааларды алып, шаардык кеңештин депутаттары менен кеңешип «Ошсвет» муниципалдык ишканасынын бюджетин кийинки жылга жогорулатуу иш алып баруу керектигин ишкананын жетекчилиги менен сүйлөштү. 


Жалпысынан 7 айдын ичинде 456 даана чырак орнотулуп, 25 854 км жол жаңыдан жарыктандырылган, ошондой эле, 31,24 км ЛЭП тартылган. Мындан тышкары, жарыктандыруу системаларын оң абалда кармап туруу үчүн убагында электр лампаларын алмаштыруу менен бирге электр линияларынын үзүлгөн жерлерин улоо, бошоп кеткен линияларды чыңдап тартуу иштерин жүргүзүшөт.


«Ошсвет» муниципалдык ишканасы, 364,68 км жол, 600,66 км электр энергиясын өткөрүүчү линияларды (ЭЭОЛ), 14 310(12 187 +2 123) даана чырактарды, 2 955 даана плафондорду, 340 даана башкаруу щиттерин (БЩ) жана башка жабдыктарды тейлейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн