Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 13:08
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ошто “Мэрдин Кубогу-2022” эл аралык турнирин Өзбекстандын “Бунёдкор” клубу утту

06.06.2022 09:46
588
Ошто  “Мэрдин Кубогу-2022” эл аралык турнирин Өзбекстандын “Бунёдкор” клубу утту

“Бунёдкор” футболдук клубу “Мэрдин Кубогу-2022” эл аралык турниринин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.


Белгилүү болгондой, 5-июнда Ош шаарынын борбордук стадионунда “Алай” (Ош) жана “Бунёдкор” (Ташкент) командаларынын ортосунда футбол боюнча “Мэрдин кубогу-2022” эл аралык турниринин финалдык беттеши өттү. Жыйынтыгында 2:1 эсебинде “Бунёдкор” футболдук клубунун пайдасына чечилди.


Андан соң турнирге катышкан командаларды салтанаттуу сыйлоо аземи болуп, анда турнирдин жеңүүчүсү – “Бунёдкор” (Ташкент) командасына кубок жана 100 000 сомдук сертификат тапшырылды.


Сыйлык тапшыруу аземине Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев жана Кыргыз футбол союзунун президенти Медер Сыдыков катышып, мэр Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен Ош шаарында мэрдин кубогу үчүн биринчи жолу өткөрүлгөн турнирге активдүү катышкан бардык командаларга ыраазычылык билдирди.


Экинчи, үчүнчү жана төртүнчү орундарды ээлеген командалар тиешелүү акчалай сертификаттар менен сыйланышты. Ошондой эле шаардык маданият бөлүмү тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн