Бугу 16, 2024
Убакыт: 03:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ошто эки милиционердин ортосунда жаңжал чыгып, бири ооруканага түштү

20.08.2020 12:05
1083
Ошто эки милиционердин ортосунда жаңжал чыгып, бири ооруканага түштү


Ош шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын эки кызматкери ортосунда уруш чыкты. Мындай маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.


Окуя, 19-августта катталып, анда  Ош шаары боюнча ЖКККБнын жол кайгуул кызматынын жетекчиси, милициянын ага лейтенанты М.П. менен аталган кызматтын улук инспектору, милициянын капитаны Т.М.нын ортосунда жаңжал чыккан.


Учурда М.П. аттуу кызматкер ооруканада, ал эми Т.М. оорусуна байланыштуу эмгек өргүүсүнө чыгып кеткен.


Эки кызматкер тең бири-бирине арыз жазган. Бул факты Ош ШИИБде катталып, учурда ички иликтөө кызматы териштирүү ишин баштап, тийиштүү экспертизалар дайындалды. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн