Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 08:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ошто 1-класстын окуучусу калемдин капкагын жутуп алып каза болду

27.01.2022 13:30
934
Ошто 1-класстын окуучусу калемдин капкагын жутуп алып каза болду

Ошто 1-класстын окуучусу ата-энесинин көз алдында каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактарына Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Юсупова билдирди.


"Бул окуя 26-январда №48 мектепте болду. 1-класстын окуучусу сабак бүткөндө мектептен чыгарда күрмөсүн кийип жатып, калем саптын капкагын оозуна салып турган экен. Ал какаган учурда баланын мугалими жанында болгон. Апасы да баласын мектептен алып кетүү үчүн келип калган. Окуя болгон учурда апасы да, мугалими да, директор да ошол жерде экен. Атасы кийин келген.


Тилекке каршы, балага эч кандай жардам бере алышкан эмес. "Тез жардам" менен кетип жатканда жарым жолдо бала каза болгон. Ата-энеси мугалимдерге эч кандай доо-арызы жок экендигин билдирди. Баланын сөөгү 26-январда жерге берилди", - деди Салтанат Юсупова.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн