Ош шаарында 10-июлдан тартып жума намаздарды окууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-июлдан тартып 31-июлга чейин Ош шаарынын аймагындагы мечиттерде жума намазы убактылуу окулбайт. Мындай чечим вирусологдор жана шаар казысынын катышуусунда талкууланып, кабыл алынган.
Ал эми 5 убак намазды аралыкты сактоо менен окуганга уруксат
берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн