Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 17:32
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ошто 100 орундуу жаңы бала бакча ачылды

14.01.2021 15:30
2102
Ошто 100 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Бүгүн, 14-январда Ош шаарынын Ак-Тилек кичи шаарчасында №81 Балапан балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлады.

Маалым болгондой, 100 орундуу балдар бакчасынын ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары катышты.


Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов жергиликтүү бюджеттен келечек муундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 5 балдар бакчасынын курулушу башталып, үчүнчүсү колдонууга берилип жаткандыгын баса белгиледи.


Келечек ээлери үчүн ак кызмат кылып, алардын билими үчүн, аң сезимин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүп берүү милдетинде кызмат кылып жатабыз. Буюрса өткөн жылы жергиликтүү бюджеттен 2 жаңы бала бакчаны, 500 орундуу мектептин кошумча имаратын шаардыктардын колдонуусуна бергенбиз. Эми мынтип жыл башында жаңы балдар бакчасын тапшырып отурабыз. Балапан балдар бакчасынан тарбияланган ар бир бала мекен, эл үчүн кызмат кылган, жигердүү инсан болуп калыптанышына тилектешмин”,- деди шаар башчысы.

Ак-Тилек кичи районуна курулган 100 орундуу бала бакча эки кабаттан турат. Жылытуу үчүн өзүнчө отказаны жана бардык шарттары менен курулган. Курулуш иштерин "Мираж" ЖЧКсы жүргүзгөн.

Мэриядан кошумалашкандай, Ош шаарында жергиликтүү бюджеттен дагы эки балдар бакчасы курулуп жатат. Жакынкы аралыкта алар да колдонууга берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн