Ош шаарында 1031 мекемени текшерүүгө алынып, анын ичинен 64 ишканга айып салынды. Бул тууралуу аталган шаарыдын Биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев 20-майдагы брифингде айтты.
"Ишканаларга уруксат бергенде санитардык эрежелер сакталышы керектиги тууралуу эскертүүлөр берилген. Ош шаарында тартип бузгандарды текшерүү үчүн 65 адамдан турган 7 мобилдик топ түзүлгөн. Алар бүгүнкү күнгө чейин 1031 мекемени текшерүүгө алып, анын ичинен 64 ишканага 130 500 сомдук айып салынган. Ал эми жыйырмага жакын мекеменин ишин убактылуу токтоттук”, - деди Турдуев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн