Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто 15 мугалимге жер тилкеси берилди

26.08.2022 14:57
1015
Ошто 15 мугалимге жер тилкеси берилди



Бүгүн, 26-август күнү Ошто Билим берүү кызматкерлеринин Ош облустук август кеңешмеси өттү. Анын алкагында КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов тарабынан Ош облусундагы билим берүү тармагынын 15 кызматкерине турак жай куруу үчүн жер тилкелерин алууга сертификаттар берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.


Мындан сырткары, “Алтын Тамга”, “Алтын сертифкат” жана республикалык олимпиада жеңүүчүлөрүнө, алар окуган орто мектептерге жана билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө салым кошкон мугалимдерге акчалай сыйлык жана ардак грамоталар тапшырылды.


Ошондой эле, Ош облусундагы мыкты “Мектеп” жана “Бала бакчалар ” аныкталып, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов тарабынан 10 миң сомдон акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланды.


1. Мыкты мектеп- Кара-Суу району “Маданият” орто мектеби

2. Мыкты инновациялык мектеп- Кара-Кулжа району “Бегиев” орто мектеби

3. Мыкты шаардык мектеп- Ноокат району “Абдуллаев” орто мектеби


1. Мыкты бала бакча- Өзгөн району “Жыргалай” бала бакчасы

2. Мыкты инновациялык бала бакча- Кара-Кулжа району “Мээрим” балдар бакчасы

3. Мыкты шаардык бала бакча- Өзгөн шаары “Аймээрим” бала бакчасы

4. Мыкты типтүү бала бакча- Ноокат району “Келечек” балдар бакчасы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн