Бугу 03, 2024
Убакыт: 12:50
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ошто 1500 доллар талап кылган милиция кызматкери кармалды

20.05.2022 10:20
258
Ошто 1500 доллар талап кылган милиция кызматкери кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой,    УКМКнын мамлекеттик бийлик органдарындагы, анын ичинде укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Ош шаардык ИИБнын ыкчам кызматкери 1500 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылуу фактысы аныкталды. 

 

  Ушул жылдын 18-майында Кара-Суу районунун аймагында көрсөтүлгөн сумманын 20 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алып жаткан жеринен Ош ШИИБнин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын майору К.Т.Т. кармалды.

 

   Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө амалдар уланууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн