Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:38
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ошто 1500 сомдон акча таратып жүргөн жаран кармалды

09.07.2021 11:59
1449
Ошто 1500 сомдон акча таратып жүргөн жаран кармалды


Шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектүү катары дагы бир жаран Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына алынып келинди. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы кабарлады.


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 8-июль күнү саат 23.30 чамаларына алдын ала алынган маалыматка ылайык, жарандардын добуштарын сатып алууга шектүү катары 1991-жылы туулган Ош шаарына караштуу айылдарынын биринин тургуну К.Э. алынып келинди. Ал Ош шаарынын аймагында жергиликтүү кеӊештин шайлоосуна катышып жаткан бир партиянын кызыкчылыгы үчүн жарандардын добуштарын сатып алуу максатында шаар тургундарына атайын алдын ала түзүшкөнтизме менен 1500 сомдон акча каражатын таратып жүргөндүгү маалым болгон. Алгачкы маалыматка ылайык ал шайлоого катышып жаткан талапкердин жакын тууганы. 


Учурда Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 192-беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды, тергөө иштери уланууда. 

                      

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Ата мекендик согуш чыкса деле добуш алды сатты кылат кыргыз.Пандемия,чек ара согушунда олгондор деле ондой албады кыргызды.