Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 08:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ошто 16 жаштагы бала 5-августтан бери дайынсыз болууда

16.08.2022 11:05
419
Ошто 16 жаштагы бала 5-августтан бери дайынсыз болууда

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан Ош шаарынын Ак алтын көчөсүнүн 2006-жылы туулган тургуну Исраилжанов Азизбек Бахрамжанович изделип жатат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

 

   Маалыматка ылайык, ал 2022-жылдын 5-август күнү, болжол менен саат 17.30 чамасында аталган даректен чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Бою 165-170 см, чачы кара, орто дене түзүлүштө. Салмагы 55-60 кг. 

 

Кийген кийимдери: кара түстөгү футболка, кара түстөгү шым, бутунда спорттук кроссовка.

 

 Ак-Буура милиция бөлүмү жарандардан бул бала тууралуу маалыматтары болсо (03222)-6-64-02, 0509-22-69-32 номерлери аркылуу маалымат берип коюушуӊуздарды суранат. 

                                                                                                  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн