Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл аймагындагы Учар айылында жаңы 50 орундуу балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош облустук администрациясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Ачылыш аземине КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Жогорку Кеңеш депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.
“Акылман уя” бала бакчасынын курулушу 2021-жылы башталып, республикалык бюджеттен 17 миллион 355 миң сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө бала бакчанын курулушу толугу менен бүткөрүлүп, техникалык жана эмерек жабдуулары 100% орнотулду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн