Бугу 17, 2024
Убакыт: 03:56
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ошто 17 жаштагы кызын зордуктоого шектелген атасы кармалды

Ошто 17 жаштагы кызын зордуктоого шектелген атасы кармалды

Ош облусунун Өзгөн районунда өз атасы 17 жаштагы кызын зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу  Ош ОИИБинин басма сөз кызматына таянып жергиликтүү басылмалар билдиришти.


Маалыматка караганда, 17 жаштагы кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылган.


"Анда апасы кызын өз атасы зордуктаган деп билдирген. Алгачкы медициналык экспертизанын жыйынтыгында, кыз зордукталбаганы аныкталган. Бирок жабырлануучу тарап буга макул болбогондуктан, кайра экспертиза дайындалды. Ошондой эле арыз жазган эне менен кызына карата психикалык экспертиза дайындалды.

Шектүү катары атасы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүн, 23-апрелде анын баш коргоо чарасы каралат", - деп билдирген ОИИБден.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн