Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 18:57
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Ошто 25 жаштагы жаран өспүрүм кызды зордуктаган

15.10.2021 11:26
1247
Ошто 25 жаштагы жаран өспүрүм кызды зордуктаган

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы тарабынан жашы жетелек кызды зордуктоого шектүү катары 1996-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну О. уулу Э. аттуу жаран кармалды.  Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


     Ал 2021-жылдын 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү, саат 01.00 чамасында Ош шаарындагы түнкү эс алуу жайларынын биринде 2006-жылы туулган кыз менен таанышып, аны Ош шаарынын Анар кичи районундагы үйлөрдүн бирине түнкү саат 03.00 чамасында өз автомашинасына салып алып барып, кыздын эркине каршы, күч колдонуп зордуктап койгон. Жабырлануучунун арызында көрсөтүлгөндөй, шектүү жаш кызды бычак такап коркутуп, зордуктаган. Жабырлануучу кыз мектеп окуучусу.


  Атайын экспертиза өз корутундусунда жабырлануучунун зордукталгандыгын, кыз белгиси жаӊыдан бузулгандыгын тастыктаган.


  Учурда жаш кызды зордуктоого шектүү катары кармалган 1996-жылы туулган О.уулуЭ. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ош шаардык соту тарабынан 14-октябрь күнү бир айга абакта кармоо боюнча санкция берилди. Учурда Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 161-беренесинин 3-пунктунун белгилери менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери уланууда. Шектүү мурда ички иштер органдарында, Ош облустук ички иштер башкармалыгында иштеп кеткен.

                                 

                                                 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн