Бугу 15, 2024
Убакыт: 09:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ошто 26 жаштагы жигит таанышын уруша кетип бычактап өлтүргөн

16.08.2020 10:55
1137
Ошто 26 жаштагы жигит таанышын уруша кетип бычактап өлтүргөн


Ошто 26 жаштагы жигит таанышын таарынычтан улам бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-августка караган түнү милицияга адамга бычак менен кол салуу болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Милиция окуя болгон жерге барып, 40 жаштагы К. Ж. аттуу тургун денесинин ар кайсы жерине 23 ирет учтуу нерсе менен сайылып каза болгондугун аныктаган.

Издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Кара-Суу районунун 26 жаштагы тургуну кармалган. Шектүү алыскы жолго чыгууга камынып жаткан жерден колго түшкөн. Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, ал маркум менен өз ара тааныш болуп, окуядан беш-алты күн мурда анын үйүндө ичимдик ичип олтуруп, уруша кетишкен. Таарынып чыгып кетип, кайра келип үй ээсин бычактап салган.

Иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө иштери уланууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалды

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн