Ош облусунда демилгечилер тарабынан медициналык каражаттар таратылды. Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-мартта 10 тонна хлорамин, 280 даана коргонуучу костюм, 5 миң беткап таратылган. Мындан сырткары өзгөчө абал учурунда посттон кирип-чыгуу үчүн дарыгерлерге пропусктар берилген.
Ошондой эле, аймактык жана Ош облустук ооруканаларда дарыгерлер үчүн атайын транспорттор уюштурулганы белгилүү болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн