Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 22:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ошто 338 балага президенттин белектери тапшырылды

29.12.2021 10:52
1270
Ошто 338 балага президенттин белектери тапшырылды

Ош облусунда майыптыгы бар жана окууда ийгиликтерге жетишкен 338 балага президенттин белектери берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, жаңы жылдык майрамга карата өлкө башчыга кат жазган Ош облусундагы үч окуучуга белектер берилди. Президенттин белегин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов тапшырды.


Ош облусунан президентин белегин алган окуучулар:


1. Элмырза Абдимиталипов- Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылындагы А. Таңгатаров орто мектебинин 6-классынын окуучусу


2. Таңсулуу Жеңишбекова-Ош облусу, Ноокат району,4-класстын окуучусу


3. Токтомуратов Барсбек Айбекович- Ош шаары, Жапалак айылы, 3-класстын окуучусу


Мындан сырткары, Ош облусундагы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына, ден соолугунан мүмкүнчүлү чектелген жана окуудагы ийгиликке жетишкен 338 окуучуга президенттин белектери берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн