Бугу 14, 2024
Убакыт: 06:16
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Ошто 39 мечит, 21 диний окуу жай убактылуу жабылды

08.08.2023 13:30
1392
Ошто 39 мечит, 21 диний окуу жай убактылуу жабылды


Ведомстволор аралык жумушчу топ 20-июлдан бери Ош облусунун аймагындагы диний жайлардын ишмердүүлүгүн текшерип жатат. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.


Комиссиянын курамына УКМК, ИИМ, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, муфтият, ӨКМ, Саламаттык сактоо министрлиги, облустук администрация жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү кирген.


Текшерүүнүн максаты: диний экстремизм идеологиясынын жана салттуу эмес агымдардын жайылышына каршы туруу, ошондой эле аймактагы диний кырдаалды жакшыртуу.


«Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын, архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 48 мечитке, 40 диний окуу жайларга карата акт түзүлүп, көрсөтмөлөр берилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн