Ош шаарында 42 жаштагы киши каналдагы сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-июнь күнү саат 10:46да Мирсатов көчөсүндө Увам каналына 1978-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен.
Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн