Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 07:46
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Ошто 5 гектар жерге текстиль фабрикасы курулат

17.09.2021 10:46
2357
Ошто 5 гектар жерге текстиль фабрикасы курулат


Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов кезектеги иш сапары менен Кара-Суу районуна барды. Анын алкагында аймактагы өндүрүш мекемелери менен таанышты. Бул тууралуу президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.


Алгач, Жаңы-Арык айылдык аймагында жайгашкан тамекини ферментациялоочу “Ош Дюбек” акционердик коомуна жана ташты кайра иштетүүчү «Кыргыз-Травертин» ишканасына барды. «Кыргыз-Травертин» ишканасы 2015-жылдын октябрь айында түзүлүп ишке берилген. Күнүнө 450 м2 травертин ташын кесип иштеткен ишканада 21 жумушчу иштейт. Ошондой эле Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Кыргыз-Өзбек биргелешкен «Артель-Электроникс» жана «Имзо Кей Джи» ЖЧКлары менен таанышты. Кыргыз-Өзбек биргелешкен «Имзо Кей Джи» ЖЧКлы бир айда - 2200 чарчы метр пластиктен эшик-терезелерди даярдап чыгарат. Цехте иштеген жумушчулардын саны – 40 жаран. Ал эми «Артель Электроникс» ЖЧКсы бир айда – 600-900 даана кир жуучу машиналарды даярдап чыгарат. Цехте иштеген жумушчулардын саны –80 жаран, жумушчу орундарды 100 гө чейин жеткирүү пландаштырылууда.


Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ишкерлердин көйгөйлөрүн угуп, Кара-Суу районунда жаңы текстиль фабрикасын ачуу пландалып жатканын билдирди.


“Кара-Суу районунун тургуну текстиль фабрикасын ачууну пландап жатканын айтып, фабрика үчүн жер бөлүп берүү боюнча кайрылган. Учурда ишкерге Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнөн 5 гектар жер бөлүнүп, аны трансформациялоо жана документ иштери аяктап калды”,- деди Зиядин Жамалдинов.


Мындан сырткары, Зиядин Жамалдинов Ош облусунда жаңы өндүрүш мекемелерин ачуу, ишкерлерди колдоо жана инвестиция тартуу жумуштары жүрүп жатканын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн