22-апрелде Ош шаарындагы жардамга муктаж 5 миң үй-бүлөгө азык-түлүк таркатыла баштады. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5 миң үй-бүлөгө берилип жаткан гуманитардык жардам Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган депозиттик эсептен каржыланып, 4 млн сом бөлүнгөн.
Ал эми буга чейин Ош шаарында жалпы 26 700дөн ашык үй-бүлөгө азык-түлүктөн жардам көрсөтүлгөнү айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн