Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 12:34
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ошто 6 күндө 23 айдоочу мас абалында унаа башкарып жүргөнү аныкталды

15.08.2020 10:59
852
Ошто 6 күндө 23 айдоочу мас абалында унаа башкарып жүргөнү аныкталды

 

Ош облусунда “Караңгылатылган айнек жана жол коопсуздугу” аталышындагы рейд уюштурулду.  Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.


Маалыматка ылайык, рейд 8-августта башталган. 6 күндүн ичинде 895 жол эрежесин бузган айдоочу аныкталган. 


Алардын ичинен:

· Мас абалда унаа башкаргандар — 23;

· Унаасынын айнегин караңгылатып алгандар — 23;

· Тийиштүү документтери жок — 21;

· ЖКККБнын айып короосуна токтотулган унаалардын саны — 44;

· Унааны катуу ылдамдыкта башкарган айдоочулар — 104.


Жол эрежесин бузган айдоочуларга "Бузуулар жөнүндө" кодексинин негизинде протокол түзүлүп, айып пул салынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн