Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:58
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ошто 600 миң сомго баңгизат саткан жарандар кармалды

Ошто 600 миң сомго баңгизат саткан жарандар кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын наркотикалык заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Ош шаарынын аймагында наркотикалык заттарды даярдап, сатып жүргөн жарандар кармалды . Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


       Аталган кызматтын кызматкерлери тарабынан  Ош шаарынын аймагында Ош шаарынын тургуну 24 жаштагы М.Д.   жарандын наркотикалык заттарды сатып жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган.  Бул алынган  ыкчам маалыматтарды текшерүү максатында оперкызматкерлер өздөрүн сатып алуучу катары тааныштырышып, байланышка чыгышкан.  Натыйжада,  контролдук сатып алуу уюштурулган. Шектүү М.Д. атайын пайдаланууга даярдалып кургатылган марихуана наркотикалык затын 600 миӊ сомго сатып жаткан учурда кармалган. 

 

 Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын наркотикалык заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан ыкчам иш аракеттер уланып, шектүү М.Д.  бул наркотикалык заттарды башка, 1974-жылы туулган, Ош шаарынын Туран кичи шаарчасынын тургуну М.М-вадан алгандыгы аныкталган.  М.М-ванын жашаган үйүнө тинтүү иштерин   жүргүзгөн учурда  учурунда анын үйүнөн 2 грамм марихуана жана 1 кг. 600 грамм болгон каннабис наркотикалык заты алынган.  Атайын экспертиза бул алынган заттардын наркотикалык заттар экендигин аныктап, тиешелүү корутунду берген.  Бул кылмышка шектүү катары М. М-ва жана М.Д. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.  Алардын кылмыш кодексинин 282-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен айыбы угузулуп, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн