Ош шаарында 71 жаштагы аял өрт кырсыгынан көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минситрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринин 20 чарчы метр бөлмөсү күйгөн. Ал эми өрттүн кесепетинен 71 жаштагы аял киши каза болгон.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн