Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:10
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто 780 миң сом жана алтын буюмдарды уурдаган жаран кармалды

24.08.2021 17:05
759
Ошто 780 миң сом жана алтын буюмдарды уурдаган жаран кармалды



2021-жылдын 5-август күнү Араван районунун тургуну 31 жаштагы жаран М.С., арыз менен кайрылган анда: А.Анаров айыл аймагында жайгашкан өзүнүн үйүнөн 780 000 (жети жуз сексен мин) сом акчасын жана алтын буюмдарын белгисиз атуулдар уурдап кеткенин билдирген. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.


Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 200-берененин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрушкө алынып, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктуу реестрине катталган.  


Ыкчам иликтөө иш чаралардын жүрүшүндө 2021-жылдын 15-август күнү Өзгөн районунун тургуну 34 жаштагы А.Т., аттуу жаран кармалган. Ал 2021-жылдын 4-август күнү саат 11:00 чамасында Араван районунун А.Анаров айыл аймагында М.С.-ге таандык жогорудагы даректеги үйдүн ичине кирип 720 000 (жети жүз жыйырма миң) сом, 60 000 (алтымыш миң) рубль, жана жалпы баасы 100 000 (жүз миң) сомдук алтын буюмдарын уурдап кеткен. 


Натыйжада жабырлануучуга материалдык жактан 880 000 (сегиз жүз сексен миң) сомдук зыянга учураганы аныкталган. 


Жогоруда көрсөтүлгөн кылмышка шектүү А.Т., 2021-жылдын 17-август күнү шектенүү жөнүндө кабарлама берилип, ошол эле күнү бөгөт коюу чарасынын камакка алу түрү 1 айга камакка алуу түрү тандалып алынды. Тергөө амалдары уланууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн