Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:01
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ошто 8 жолу соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

04.05.2022 11:27
1023
Ошто 8 жолу соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ошто жарандардын автоунааларын алдап алып, из жашырган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул туурасында Ош ШИИБинен билдиришти.


Маалым болгондой, шектүү 2021-жылдын 15-ноябрында Ош шаарынын тургунуна таандык Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны 220 миң сомго баалашып, ошол боюнча изин жашырып кеткен.


Ал эми 21-ноябрь күнү дагы бир жарандын Нива-2121 үлгүсүндөгү унаасын дагы ушундай эле жол менен алып, башка бирөөгө арзаныраак сатып жиберип качып кеткен. Учурда шектүүнүн үстүнөн 4 арыз бар.


Шектүү Кара-Суу районунун 1980-жылы туулган Ч.А. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ч.А.нын үстүнөн Кылмыш кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.


Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү мурда 8 жолу соттолгондугу, өзү ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 2016-жылдан бери тургандыгы маалым болду. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү шектүү жарандан жабыр тарткан адамдар болсо 03222-4-82-82, 0555-65-65-65 номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн