Ош облусунун аймагында карантиндик-санитардык блокпосттор алынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда брифингде Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев айтты.
Анын айтымында 1-майда Ош шаарына кирүүдө тыгындар жаралган.
"Ош облусунун аймагында 86 блокпост бар эле, бүгүнкү күндө 14 блокпост калды. Бул райондор аралык жана облустар аралык блок посттор калды. Ал эми жүйөөлү себеп жок болсо алардан өткөрүлбөйт. Мындан уам райондор аралык таксилерге уруксат берилбейт", - деди Жылкыбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн