Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто Акжол Махмудовду чепкен жаап, тебетей кийгизип тосуп алды

31.08.2021 19:01
719
Ошто Акжол Махмудовду чепкен жаап, тебетей кийгизип тосуп алды

Бүгүн, 31-августта Оштогу аэропорттон Олимпиадада грек-рим күрөшү боюнча күмүш байге уткан балбан Акжол Махмудов менен Канатбек Бегалиевди тосуп алышты. Бул тууралуу Turmush басылмасы билдирди.


Маалым болгондой, Акжол Махмудовду аэропорттон чоң атасы, жакындары, Ош шаарын вице-мэри Эмил Шадыканов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, Ош шаардык спорт комитетинин кызматкерлери, спортчунун күйөрмандары тосуп алды.


А.Махмудов менен кошо 2008-жылы Кытайда өткөн Олимпиадада грек-рим күрөшүнөн күмүш медалга ээ болгон Канатбек Бегалиев да келди. Акжол Махмудов менен Канатбек Бегалиевге жана Махмудовдун атасына калпак кийгизилип, чепкен жабылды. Акжол Махмудов кыргыз элин Эгемендик майрамы менен куттуктап, Ошту сагынгандыгын айтты.


Махмудов менен Бегалиев кечинде борбордук аянтта чогулган эл алдына чыгып, сөз сүйлөшөт. Андан соң Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдор акчалай сыйлыктарын тапшырышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн