Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ошто “Бабатрон” бар, бункер жок

08.06.2020 20:43
957
Ошто “Бабатрон” бар, бункер жок


Индиянын өкмөтү Оштогу онкологиялык борборго нур менен дарылоочу “Бабатрон” аппаратын берүүгө даяр, бирок ал жерде аны орнотуу үчүн бункер жок деп билдирди Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо жана маданият маселелери боюнча комитетинин бугүн, 8-июнда өткөн отурумунда.


Айтымында, Индия “Бабатрон” аппаратынын бирин Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборуна берген. Мындай аппараттан Кыргызстанда кеминде экөө болушу шарт. Анткени, бир айлык иштетүүдөн кийин бул татаал аппаратты бир жумалык профилактикалык тейлөөгө токтотуу талап кылынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн