Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:26
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ошто Бажы кызматы баасы 2 млн сомдон ашык контрабандалык тамекини аныктады

16.11.2022 15:45
240
Ошто Бажы кызматы баасы 2 млн сомдон ашык контрабандалык тамекини аныктады

Ошто бажы кызматкерлери 2 млн сомдон ашык суммадагы контрабандалык тамекилерди алып кирүүгө бөгөт койду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, бажычылар Ош шаарында HondaStepwgn үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алып, андан акциздик маркалары жана жүк коштоочу документтери жок 20 кутуда 50 блок (10 000 пачка) көлөмүндө «111 Gold» маркасындагы тамеки табылган.


Кармалган товардын баасы 500 миң сомду түзгөн.


Мындан тышкары, ушундай эле контрабанда фактысы Mercedes-Benz Atego үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда аныкталган.


Унаадан төмөнкү маркадагы акциздик маркалары жана жүк коштоочу документтери жок тамеки табылган:


- "Oris Hi Tech Hollow Filter", 50 блоктон (4500 таңгак) 9 куту өлчөмүндө;


- "Oris Elite", 50 блоктон 30 куту өлчөмүндө (15 000 таңгак);


- "MG Carbon", 50 блоктон 10 куту өлчөмүндө (5000 таңгак);


- "Milano New York", 50 блоктон 12 куту (6000 таңгак).


Кармалган товардын баасы 1 млн 510 миң сомду түзгөн.


Көрсөтүлгөн фактылар КБР МЭЖ АМСта катталып, материалдар КР мыйзамдарына ылайык караштуулуга боюнча өткөрүп берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн