Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:03
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ошто Эгемендик күнүнө арналган ат оюндарынын байгесине 4 унаа коюлат

20.08.2021 12:57
638
Ошто Эгемендик күнүнө арналган ат оюндарынын байгесине 4 унаа коюлат



Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов 31-август күнү эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата  иш-чараларды өткөрүү боюнча даярдыкты текшерди.  Бул тууралуу президенттин Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.


31-август күнү Ош облусунда өткөрүлүүчү маданий жана спорттук иш-чаралардын тизмеси:


1. Төлөйкөн айылында ат майданында Көк бөрү жана улуттук ат оюндары боюнча Ош облусунда алкачкы жолу президенттин кубогу өткөрүлөт. Башкы байгеге 4 автоунаа коюлган. Башталышы саат 11:30.

2. Ош облусунун район борборлорунда 30 жылдын ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүн чагылдырган эмгекчилердин майрамдык жүрүшү. Айыл өкмөт мекеме-ишканалардын катышуусунда жүрөт.

3. Ош облусунун райондорунда  Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, китеп, сүрөт көргөзмөлөрү, театрлаштырылган оюн-зоок программалар жана майрамдык концерттер өткөрүлөт.

4. Ош облусунун райондорунда  Улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. 

5. Ноокат районунда Түштүк аймагынын ардагер воллейбол командаларынын достук беттеши өткөрүлөт.

6. С.Ибраимов атында ОУДТда “Кубат Бий” спектакль райондордо 10 күн көрсөтүлөт.

7. Баардык маданият мекемелеринде түрдүү улуттун катышуусунда майрамдык концерттер өткөрүлөт.

8. “Сулайман-Тоо” улуттук археологиялык музей комплексинде Кыргызстандын тарыхындагы урунттуу учурлар, өнүгүүгө салым кошкон тарыхый инсандар, архивдик материалдардан турган көргөзмө жасалат.

9. Алымбек Датканын 220 жылдыгына, Курманжан-Датканын 210 жылдыгына карата Алай районунда “Тоо Театрларынын” 1- фестифалы өткөрүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн