Эгемендүүлүк күнүнө карата «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы жаратылыш газына болгон туумду кечүү боюнча акция жарыялады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата калк үчүн туумдарды эсептен чыгаруу боюнча акция жарыялады. Акциянын шарттары: эгерде абонент жаратылыш газына болгон негизги карызын төлөсө айдын аягында карызга эсептелген туум алынып салынат. Акциянын мөөнөтү чектелген. Акция коммерциялык жана бюджеттик керектөөчүлөргө берилбейт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн