Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:00
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Ошто Калкты тейлөө борборунун адиси алдамчылыкка шектелүүдө

10.01.2024 12:25
302
Ошто Калкты тейлөө борборунун адиси алдамчылыкка шектелүүдө


Ош шаарында тейлөө кызматында иштеген жаран алдамчылыкка шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын август айында Ош шаарында тейлөө кызматында иштеген М.Ж. аттуу жаран алдоо жолу менен А.Р.дин ишенимине кирип, мамлекеттик каттоо кызматына жумушка киргизем деп 110 миң сом акча каражатын алып, бирок жумушка киргизбей, же алган акчасын кайтарып бербей качып кеткен.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларанын натыйжасында алдамчылык фактысына шектүү Ош шаарында калкты тейлөө кызматында башкы оператор болуп иштеген 30 жаштагы М.Ж. аттуу жаран экендиги аныкталган.

Учурда М.Ж. кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө улантылып жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн