Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:49
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ошто Кан донору күнүнүн алкагында Жамалдинов жана вице-мэр кан тапшырды

24.09.2021 13:01
970
Ошто Кан донору күнүнүн алкагында Жамалдинов жана вице-мэр кан тапшырды

 


Бүгүн, 24 -сентябрда, Ош облустук кан борборунда “Улуттук кан донорлор” күнүнө арналган иш -чаралардын алкагында, кан тапшыруу акциясы болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, медицина кызматкерлери жана коомчулук катышты.  Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Акциянын алкагында Венара Рыскулова, Зиядин Жамалдинов кан тапшырды. Вице-мэр шаар тургундарын акцияга активдүү катышып, бирөөнүн өмүрүнө себепчи болууга чакырды. 


Мындан тышкары, ак ниет эмгеги жана жарандардын ден соолугуна кам көрүү багытындагы иш -чараларга активдүү катышкандыгы үчүн уюштурулган акция алкагында Ош облустук кан борборунун айырм кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун Оштогу филиалы тарабынан да Борбордун бир катар кызматкерлери сыйлады. 


Иш -чара концерттик программа жана Кызыл Жарым Ай коомунун Ош шаарындагы кызматкерлери тарабынан уюштурулган флешмоб менен коштолду. 


Белгилей кетсек, донордук кыймылды андан ары өнүктүрүү, кан донорлорунун кадыр -баркын көтөрүү, жаштарды гуманизмге жана бири бирин урматтоого үндөө максатында сентябрь айынын акыркы жекшембисинде Кыргызстанда кан донорлорунун күнү белгиленет. Өткөн жылы Ош шаарында 7 миңден ашуун кан донору катталган. 2021 -жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Ош шаарында 4 миңден ашуун кан донору катталды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн