Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖ ректорлорунун III форуму башталды

13.10.2023 15:05
253
Ошто Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖ ректорлорунун III форуму башталды


Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форуму башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, форумга эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жетекчилери жана 80ге жакын жогорку окуу жайлардын ректорлору катышууда.


«Форум илим жана билим берүү тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттарын аныктоо, евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн алкагында Кыргызстан менен Россиянын билим берүү системаларын жакындатуу максатында уюштурулду», - деп белгилешти ведомстводон.


Эске салсак, биринчи форум 2019-жылдын март айында Бишкекте, экинчиси 2022-жылдын июнь айында Екатеринбургда өткөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн