Кулжа 13, 2025
Убакыт: 12:59
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.085
1.120

Ошто Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтык маселелери талкууланды

12.06.2025 08:57
44
Ошто Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтык маселелери талкууланды


Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен жолукту.


Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, жолугушуунун алкагында тараптар Кыргызстан менен Түркиянын, өзгөчө Ош облусу менен болгон достук жана кызматташтык мамилелерин мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.


Ошондой эле Түркиянын Кызматташтык жана өнүгүү агенттиги (TİKA) тарабынан Ош облусунда билим берүү, саламаттык сактоо, инфраструктура жана маданият тармактарында ишке ашырылып жаткан долбоорлор өзгөчө белгиленди. Тараптар Өзгөн районундагы балык чарбасын өнүктүрүү боюнча TİKA тарабынан көрүлүп жаткан аракеттерге да токтолушту.


Жолугушууда 2024-жылы 263,2 млн АКШ долларын түзгөн Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү көлөмүн, экспорт-импорттун түзүмүн жана келечектеги биргелешкен долбоорлор дагы талкууланды. Айрыкча, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, туризм жана суюк травертин өндүрүү тармактарындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр сунушталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн