Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:02
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ошто Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюмдун мүчөсү кармалды

01.02.2022 18:56
415
Ошто Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Ошто террордук уюмдун жактоочусу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Ош облусунун 38 жаштагы Ж.Э. аттуу тургуну интернетте Кыргыз өлкөсүндө тыюу салынган террордук уюмдун материалдарын таратып жүргөндүгү аныкталып, кармалган. Кийин 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Джамаат ат-Таухид валь-Жихад” террордук уюмунун жакын колдоочусу катары бааланып, социалдык тармактарда чакырыктарын таратып жүргөндүгү белгилүү болгон.


Ага карата “экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу” беренеси менен иш козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.


Анын жыйынтыгы менен алынган материалдардын курамында диний-экстремисттик материалдар бар экендиги тастыкталган. Учурда тергөө иштери аяктап, кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлгөн.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн