Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто Кытай автобустарын чогултуу боюнча биргелешкен ишкана ачуу маселеси талкууланды

24.08.2022 08:57
837
Ошто Кытай автобустарын чогултуу боюнча биргелешкен ишкана ачуу маселеси талкууланды


Бүгүн, 23-августта Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев менен Кытай Эл Республикасынан келген бир катар инвесторлордун жолугушуусу болуп өттү.


Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, КМШ өлкөлөрүндө “Foton” маркасындагы автобустарды сатуу боюнча директор Лю Гуанвэй менен жолугушууда Ош шаарында автобустарды чогултуу боюнча биргелешкен ишкана ачуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешкен өндүрүштү өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.


Ошондой эле Хэнань университетинин Жибек Жолу Кыргыз-Кытай институтунун аткаруучу директору Лян Чжянь Чжун менен жолугушуу болуп, анда Ош шаарында аталган университеттин факультетин ачуу, туризмди жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелери тууралуу сөз жүрдү.  


Ага улай Кытай темир жолунун биринчи тобунун Түштүк Азия өкүлчүлүгүнүн өкүлү Гай Цай менен саркынды суу системасын модернизациялоо, суу менен камсыздоо тутумдарына фильтрлерди орнотуу боюнча сунуштар жөнүндө талкуу болду.


Жолугушуунун соңунда тараптар пландалган долбоорлорду мындан ары өнүктүрүү жана ишке ашыруу үчүн тыгыз байланышта болууну макулдашышты.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн