Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 16:45
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ошто Кореядан унаа алып келип берем деген УКТнын мүчөсү алдамчылыкка шектелип камалды

27.01.2022 10:36
851
Ошто Кореядан унаа алып келип берем деген УКТнын мүчөсү алдамчылыкка шектелип камалды


Ош ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмчөсүнүн кызматкерлери автоунааларга байланышкан алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


 Ош ШИИБге арыз менен жаран Р.З. (аял киши) кайрылып, криминалдык түзүмдөрдүн укукка каршы аракеттери жөнүндө билдирген. Аныкталгандай, 2020-жылы “Сагыныч” аттуу чала тааныш адам “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унааны арзан баада Кореядан алып келип берем деп ишенимге кирип, жабырлануучуну алдоо менен 125000 сомун алган. Андан соң, унааны алып келип бербей, же акчасын кайтарбай койгон. Шектүү жабырлануучу коркутуп, милицияга кайрылбоосун айткан. 


 Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. 

 Ыкчам кызматкерлер бул фактыга Баткен облусунун тургуну 1985-жылы туулган С.Сдин тиешеси бардыгын аныкташкан. Мурда ал бир нече жолу оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон. Алынган маалымат боюнча шектүү уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. 


 2022-жылдын 25-январь күнү Ош ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Ош шаарында жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1985-жылы туулган С.С. кармалды. 


 Кармалган жаран Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн