Ош облусунда бассейнге чөгүп кеткен бала ооруканада каза болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунда Төлөйкөн айылынын К. Айдаров көчөсүндө жайгашкан Мамакеев санаториясында бассейнге 2016-жылы туулган А.А. аттуу жаш бала түшүп кеткен.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейинтуугандары чыгарып алышкан.
Жогорудагы бала ооруканага жетип каза болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн