Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасына ылайык, 21-март Нооруз майрамына карата Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жаштары арасында «Шайыр шамдагайлар» аталышындагы эстафеталык спорттук оюндары уюштурулду.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, ага 6 муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жана 1 айылдык аймактык башкармалыгынын командалар катышышты.
Эстафеталык спорттук оюн 5 турдан болуп өтүп, жеңүүчүлөр аныкталып, дипломдор, кубок, медалдар, акчалай сыйлык жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Иш-чараны уюштурууга жакындан колдоо көрсөткөндүктөр Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жана Ош шаардык спорт комитети болушту.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн