Бугу 04, 2024
Убакыт: 06:16
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ошто Новосибирсктен келген кыргыз жарандарын тосуп алышты

08.07.2020 08:29
958
Ошто Новосибирсктен келген кыргыз жарандарын тосуп алышты


«Ош» эл аралык аэропортунда бүгүн, 8-июлда «S7 Airlines» авиакомпаниясынын Новосибирск–Ош багыты боюнча чартердик каттамды тосуп алышты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Бул каттам менен Кыргызстанга Россиядан 173 КР жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.


Аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлдү.

Чет мамлекеттерде жүргөн кыргыз жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн