Бугу 02, 2024
Убакыт: 15:36
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Пробация департаментинде иштеген аял пара менен кармалды

04.09.2020 16:16
1118
Пробация департаментинде иштеген аял пара менен кармалды


Коррупция менен күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча Пробация департаментинин Аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкери (аял киши)  пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Ведомствонун маалыматына караганда, акча талап кылуу фактысы тууралуу маалымат үстүбүздөгү жылдын  27-августунда келип түшкөн. Арыз ээсинин маалыматы боюнча, башкы адис андан  соттуулугун шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарууга көмөк көрсөтүү үчүн 38 миң сом талап кылган.


1-сентябрдагы ыкчам иштердин алкагында башкы адис 38 миң сом алып жаткан учурда кармалды. Ал убактылуу камакка алынып, учурда тергөө иштери уланып жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн