Бүгүн, 28-февралда Ошто Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары мамлекетке келген акчаны адалдоого шектелип кармалган Райымбек Матраимовду колдоо митинги өтүп жатат. Бул тууралуу маалыматты Эльнура Алканова социалдык тармакта бөлүштү.
Митингге Кара-Суу жана башка райондордон келген эл катышууда.
Митингде активисттерди көрүүгө болот.
Уламдан катышуучулардын саны көбөйүүдө. Азыркы учурда миңден ашык адам катышууда.
Эске салсак, Матраимов УКМК тарабынан кармалгандан кийин кан басымынын туруксуздугуна байланыштуу жеке клиникалардын биринде дарыланууда.
Пикирлер (3)