Бугу 05, 2024
Убакыт: 16:14
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ошто Райымбек Матраимовдун үйүнүн тосмосу бузулууда

08.01.2024 15:57
275
Ошто Райымбек Матраимовдун үйүнүн тосмосу бузулууда

8-январда Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Оштогу Супаналиев көчөсүндөгү үйүнүн тосмосун бузуп жатат.

Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Максатбек Орозалиевдин айтымында, Матраимовдун үйүнүн тосмосунун 9 метри муниципалдык жерге тиешелүү. Калаа бийлиги короону курчаган дубалды алуу тууралуу былтыр декабрдын аягында эскертүү берген.

Мурдагы бажычынын үйүнөн эч ким комментарий берген жок.

Белгилей кетсек, буга чейин Матраимовдун үйүнүн короосу муниципалдык жерге кирип кеткени айтылган.

Эске салсак, 2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн