Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:24
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ошто Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан курулган жаңы мектептин ачылыш аземи болду (фото)

29.12.2021 14:46
1690
Ошто Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан курулган жаңы мектептин ачылыш аземи болду (фото)


Бүгүн, 29-декабрда Ош шаарынын Орке айылындагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы мектептин курулушу аяктап пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.


Иш-чарага мэр Алмаз Мамбетов, Сауд Аравиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль-Ради, Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, жашоочулар жана мектеп мугалимдери, окуучулар катышты. 


Мектеп 375 орунга ылайыкташтырылып, бардык шарттар түзүлгөн. Спорт зал, жыйындар залы, китепкана, ашкана, дарылоо кабинети, жуунуучу жайлар каралган. 2020-жылы башталган курулуш ишин Сауд өнүктүрүү фонду каржылады. Ага ылайык жаңы мектепти куруп берген тарапка шаар башчы Алмаз Мамбетов ыраазычылык баракчасын тапшырды. 


Ош шаарында жалпы 55 муниципалдык мектеп бар. Анын ичинен 5 мектептин имараты авариялык абалда. 2021-жылы 2 мектеп жаңы курулуп, пайдаланууга берилди. Дагы 4 мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Билалов Зарофиддин
Суротторду кантип сактап алсак боло?