Бугу 20, 2024
Убакыт: 00:40
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто Сириядагы террордук топ менен байланышы бар делген жарандар эркинен ажыратылды

Ошто Сириядагы террордук топ менен байланышы бар делген жарандар эркинен ажыратылды

Ош шаарында Сириядагы террордук топ менен байланышы бар 2 жаран эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Ошто милиция кызматкерлери тарабынан жүрүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында белгисиз жарандар интернет тармактары аркылуу Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний-экстремисттик уюмга таандык материалдарды жайылтып жүргөндүгү, алардын Сирия мамлекетинде өкмөттүк күчтөргө каршы согушуп жүргөн жарандар менен байланышы бар экендиги аныкталган.


Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө алар Кара-Суу районунун жашоочулары 1958-жылы туулган К.К. жана 1975-жылы туулган А.И. экени жана диний-экстремисттик идеяны колдоп жүрүшкөнү аныкталган.


Иликтөө учурунда аларга таандык болгон интернет тармагындагы өздүк баракчаларындагы коюлган жана таратылган фото-видео, текст түрүндөгү материалдарына карата тиешелүү экспертизалар дайындалган. Диний жана лингвистикалык экспертизакызматынын берген корутундуларына ылайык, диний-экстремисттик материалдар экендиги, чет өлкөдөгү диний экстремистттер менен байланышы бар экендиги дагы аныкталган.


Ошентип, тергөө иштери аяктап, кылмыш иши Ош шаардык сотунун кароосуна жиберилген.


19-августта козголгон кылмыш иши боюнча кароо аяктап, К.К. 1 жылга жана А.И. 2 жылга эркинен ажыратылды.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн