Бугу 05, 2024
Убакыт: 00:46
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ошто УКМК кызматкерлери менен мушташкан бажычылар кызматтан алынат

12.01.2023 15:53
284
Ошто УКМК кызматкерлери менен мушташкан бажычылар кызматтан алынат

Ош шаарындагы Sky Bar оюн-зоок мекемесиндеги мушташка катышкан бажы кызматкерлери иштен алынат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков маалымат жыйын учурунда билдирди.


"Аталган окуя боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан иш козголуп, иликтөөгө алынды. Окуяга катышкан эки кызматкердин бирөө ооруканада, экинчиси эмгек өргүүдө. Ал кызматкерлерди жумуштан четтетебиз", - дейт ал.


Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 2-январында Ош шаарындагы Sky Bar оюн-зоок мекемесинде УКМК менен бажы кызматынын кызматкерлеринин катышуусундагы мушташ орун алган.


УКМКнын басма сөз кызматы буга чейин окуяга катышкан кызматкерлерин кызматтан алуу чечими кабыл алынганын билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн