Бугу 04, 2024
Убакыт: 02:50
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ошто УКТ мүчөсү “Казак” каймана аттуу кылмышкердин дагы бир шериги кармалды

26.06.2020 10:26
1037
Ошто УКТ мүчөсү “Казак” каймана аттуу кылмышкердин дагы бир шериги кармалды


ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштин натыйжасында январь айында Ош шаарында катталган каракчылык менен кол салууга тиешеси бар дагы бир жаран кармалды.

 

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 2020-жылдын 11-январында болжол менен 03:30дар чамасында белгисиз адамдар кол салып, денесинен жаракат алган бейтаптан арыз түшкөн.  Окуя болгон жерге келген ички иштер органдарынын кызматкерлери ал Ош шаарынын жашоочусу, 1989-жылы туулган Р.У. аттуу жаран экенин аныктаган.

 

Алынган маалымат боюнча, болжол менен түнкү саат 02:00дөр чамаларында Р.У. аттуу жаран өзүнүн “Тойота-Камри” үлгүсүндөгү автоунаасы менен келе жатканда “Народный” дүкөнүнүн жанынан белгисиз адамдар жээкке токтоттурууга мажбурлашкан. Белгисиз автоунаадан бир нече адам чыгып кол салышкан. “Тойота” автоунаасынын айдоочусун жерге кулатып, тепкилешкендиктен, жаагы үч жеринен сынык алган. Кылмышкерлер анын капчыгын, травматикалык тапанчасын алып, белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен.


Аталган факты КЖБРге катталып, Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пункту (Каракчылык) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.


Көп өтпөй милиция кызматкерлери тарабынан аталган каракчылыкка шектүү делип үч жаран, анын ичинде УКТнын активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган “Казак” каймана аты менен белгилүү У.М. кармалган.


Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жогорудагы бардык кармалган жарандардын коомго коркунуч келтирген укукка жат аракеттерди жасоого тиешеси бардыгы аныкталган. Топтолгон материал кийинки териштирүү үчүн сотко жөнөтүлгөн.


Ыкмчам издөө иш-чаралардын уланышы менен 24-июнь күнү каракчылык менен кол салууга тиешеси бар дагы бир шериги кармалды. Кармалган жаран Ош облусунун Өзгөн районунун 1986-жылы туулган Т.И. экени аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Т.И. мурда соттолгон. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана “положенец” криминалдык статуска ээ.


Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды дагы кармоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн