Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ошто УКТнын мүчөсүнүн мыкаачылык менен өлтүрүлүшү: Шаар башчысы мындай окуянын экинчи кайталанбашын тапшырды

13.01.2023 17:47
528
Ошто УКТнын мүчөсүнүн мыкаачылык менен өлтүрүлүшү: Шаар башчысы мындай окуянын экинчи кайталанбашын тапшырды


Бүгүн, 13-январда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө болгон окуя боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилери менен ыкчам жыйын өткөрдү.  Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.


Мэр коомчулукта чоң нааразылык жараткан бул кылмышка өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи. 

"Мыйзамсыздыкты токтоткула. Бул чыныгы жырткычтык. Тиешелүү социалдык-профилактикалык иш-чараларды күчөтүү керек. Мыйзам сакталышы керек, бардык күнөөлүүлөр мыйзамдын чегинде катуу жазага тартылышы шарт. Мындай кылмыштуулук башка кайталанбашы керек", - деп белгиледи шаар башчы. 


Укук коргоо органдарынын жетекчилери жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча тиешелүү маалыматтарды беришти.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн